ДОЛБООР ЖӨНҮНДӨ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин "Жаңы китеп" мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы №341 токтомунун негизинде Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржылаган “Секторду Өнүктүрүү Долбоору: Билим Берүү Системасын Бекемдөө” долбоорунун алкагында түзүлгөн.

Мекеме Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыз кылууну жакшыртуу, ижарадан чогултулган акча каражаттарын топтоп жаңы окуу китептерин өз убагында басып чыгарууну туруктуу каржылоо максатында түзүлгөн

Мекеменин максаты - окуучуларды заманбап талаптарга жооп берген окуу китептери менен камсыз кылуу. "Жаңы китеп" мекемеси мамлекеттик эмес каражаттардын эсебинен түзүлгөн, социалдык, кайрымдуулук, маданият, билим берүү жана башка коомго пайдалуу максаттарды көздөгөн коммерциялык эмес юридикалык жак болуп саналат.

УКУКТУК БАЗА

YOUTUBE Канал

ЖАҢЫЛЫКТАР