Суроо-жооптор

С: Жаңы китептерди кайдан аласа болот?
Ж: Китептерди мектепте класс жетекчисинен алышат.

С: Ижара кайсы китептерге тийиштүү?
Ж: 2018-2019-окуу жылында ижара акысы 5-6-класстар үчүн жаңы чыгарылган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу ( https://kitep.org.kg/?page_id=126) менен бекитилген гана окуу китептеринен алынат.

С: Жаңы китептер качан келет?
Ж: Ижарага бериле турган окуу китептери 2018-2019-окуу жылынын башында мектептерге жеткирилген

С: Китептердин ижара акысы канча?
Ж: 2018-2019-окуу жылдарына бир окуу китебинин ижара акысы 25 сомду түзөт (КР ББжИМ №1003/1  2018-жылдын 2-августунун буйругунун 2-пунктун кара https://kitep.org.kg/?page_id=77)

С: Китептердин ижара акысы кантип аныкталат?
Ж: Окуу китептеринин ижара акысын аныктоо методикасына жараша аныкталат  (КР ББжИМ №1003/1  2018-жылдын 2-августунун буйругунун 3-тиркемеси https://kitep.org.kg/?page_id=121)

С: Ижара акысы кайда жана кайсы эсепке төлөнөт?
Ж: Ижара акысы “Жаңы китеп” мекемесинин банктагы эсебине банктын кассалары, ЭЛСОМ системасы, банктын терминалы, интернет-банкинг, башка банктар жана электрондук капчыкар аркылуу төлөгөнгө болот. Андан тышкары башка банктар аркылуу да төлөнүшү мүмкүн, бирок анда ошол банктын комиссиясы колдонулат. Ижара акысын Элсому бар бир ата-эне же Элсомдун агенти же почта аркылуу төлөгөнгө болот. Окуу китептеринин ижара акысын төлөп жатканда мектептин кодун, классты, окуучунун аты-жөнүн жана окуу жылын айтыш/көрсөтүш керек. Мектептердин коддорун “Жаны китептин” сайтынан кийинки адрес  https://kitep.org.kg/?page_id=325  боюнча биле аласыздар

С: Ижара акысын төлөөдөн чогулган каражат эмнеге колдонулат?
Ж: Ижара акысынан чогултулган каражат жаңы окуу китептерин мектептер үчүн басып чыгарууга гана колдонулат. Мектеп жаңы окуу китептерин чыгаруу үчүн өтүнүчүн чогулткан ижара акысынын суммасынан ашпаган өлчөмдө гана бере алат

С: Ижара акысын төлөөнүн квитанциясын эмне кылыш керек?
Ж: Квитанциянын же башка төлөм жасалгандыгын тастыктаган документтин көчүрмөсүн класс жетекчиге берүү керек. Квитанциянын оригиналы ата-энелерде сакталышы керек, эгер окуучу башка мектепке которулса, анда бул квитанция ижара акысы төлөнгөндүгү жөнүндө тастыктайт жана башка мектепте окуу китептери окуучуга бекер берилиши керек

С: Жогорку класстарга окуу китептери ижарага качан берилет?
Ж: Окуу китептерин ижарага берүү этап этабы менен киргизилет. Жогорку класстарга окуу китептерин ижарага берүү КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген графике ылайык киргизилет.

С: Окуу китебин жоготуп алсак же жараксыз абалга алып келсе эмне болот?
Ж: Окуу китебин жоготуп алганда же жараксыз абалга алып келген учурда окуучунун ата-энеси так ошондой окуу китебин сатып берүүсү керек же окуу китебинин толук баасын “Жаңы китеп” мекемесинин банктагы эсебине төлөөшөт. Окуу китебинин толук баасын мектептин китепканачысынан же класс жетекчисинен билип алууга болот. 2018-2019- окуу жылында бериле турган 5-6-класстар үчүн окуу китебинин толук баасы 106 сомду түзөт (№1476/1 2018-жылдын 3-декабрындагы КР ББжИМнин буйругу)

С: Окуучу башка мектепке которулганда эмне кылыш керек?
Ж: Окуучу башка мектепке которулган учурда  китептерди класс жетекчисине же китепканачыга өткөрүп берет, мектеп ага окуу китептерине ижара акысы төлөнгөндүгү жөнүндө маалымкат берет, ал эми жаңы мекепке барганда бул маалымкатты көрсөтүшү керек. Мындай маалымкаттын/банка төлөгөндүгү жөнүндө квитанциянын негизинде жаңы мектепте окуу китептери бул окуучуга бекер берилет. Ошондуктан квитанциянын оригиналы ата-энелерде сакталып турушу зарыл, окуучу башка мектепке которулуп калса ижара акысы төлөнгөндүгү жөнүндө тастыктоочу документ катары

С: Окуу китептери окуу жылдын аягында кайда тапшырылат?
Ж: Окуу китептери окуу жылынын аягында класс жетекчисине же китепканачыга бүтүн жана жакшы сакталуу бойдон өткөрүлүп берилет

С: Өз китептеримди колдонгонго болобу?
Ж: Ооба болот, эгер ижарага берилип жаткан окуу китептериндей так ошондой окуу китептериңер бар болсо.

С: Окуучуларга субсидиялар каралганбы?
Ж: Ооба каралган. Жеңилдетилген категориядагы окуучулардын тизмеси КРнын Өкмөтүнүн №341 2018 ж. 24-июлундагы токтомуна ылайык бекитилген.

С: Окуучуларды ижара төлөөдөн кимдер бошотушат?
Ж: Ижара акысын төлөөдөн бошотулушу үчүн же 50%дык жеңилдетүү алуу үчүн класс жетекчиге жеңилдик алуу укуктарын тастыктоочу справкаларды же документтердин көчүрмөсүн алып келип берүү зарыл. Педагогикалык кеңеш өзүнүн чечими менен кайсы окуучу кайсы категорияга караштуу экенин тапшырылган документтердин негизинде аныктайт. Ижара акысын төлөөдө жеңилдиктерди алууга укугу бар окуучулардын тизмеси мектептин башкармасы тарабынан буйрук менен бекитилет

С: Кимдин 50%дык жеңилдик алууга укугу бар?
Ж: 50%дык жеңилдикти 3-4 баласы мектепте окуган үй-бүлөлөр гана ала алышат. Башкача айтканда 3 же 4 баласынын баары мектепте окууп жаткан болсо гана, ошол эле учурда мектепке чейинки же мектептен кийинки жаштагы балдар эсепке алынбайт.

С: Эгер бул суроо-жооптордун ичинен өзүңүзөрдүн суроолоруңуздарга жооп таппасаңыздар кайда кайрылуу керек?
Ж: Эгер дагы кошумча суроолоруңуздар бар болсо өзүңүздөрдүн сурооңуздарды сайттын Байланыш бөлүмүнөн жиберсеңиздер болот.

 

С:Эмне себептен Элсом аркылуу төлөө керек?

Ж:  «Элсом» аркылуу төлөөгөндө ижара акысын төлөп жатканда катачылыктарды азайтуу максатында, банктын бөлүмдөрүнө барбастан төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн, жана ижара акысын төлөөлөрдүн отчеторун автоматташтырууга мүмкүнчүлүк түзөт. Төлөмдөрдү Элсомдон тышкары жолдор менен да жүргүзүүгө болот, мисалы КИКБ банктын филиалдары/бөлүмдөрү жана башка банктар, башка электрондук капчыктар аркылуу. Бул жерде эч кандай чектөөлөр жок. Бирок КИКБ банктын бөлүмдөрү, башка банктар жана интернет-банкинг аркылуу төлөгөндө төлөөчүлөр көп учурда ката кетиришет. Төлөм жасаган учурда мектептин кодун жана окуучунун аты-жөнүн көрсөтүү керек, ансыз төлөм өз дарегине (мектептин эсебине) жетпей калат. Ал эми Элсом аркылуу төлөгөндө мектептин коду жана класс туура көрсөтүлгөнүн текшерип көрүүгөө болот. Тилеке каршы, банктар аркылуу төлөгөн учурда төлөп жаткан адамдар тарабынан каталар кетирүүдө. Мисал үчүн, ата-энелер баланын аты-жөнүн жана классын гана же жөн гана “китептердин ижара акысы” деп жазып койушат. Бирок ата-энелер башка банктар жана электрондук капчыктар аркылуу төлөөгө укугу бар. Төлөп жатканда туура малымат көрсөтүлүшү керек: мектептин коду, окуучунун аты-жөнү, класс, суммасы.

С:Бир окуу китебинин ижара акысы канча болот?

Ж: 2018-2019-окуу жылында бир окуу китебинин ижара акысы 25 сомду тузөт. 2018-2019-окуу жылынын ижара акысын 15-февралга чейин төлөө керек. Кийинки окуу жылдарында ижара акысы 30 ноябрга чейин “Жаңы китеп” мекемесинин банктагы эсебине төлөө керек, ал эми квитанциянын же Элсомдун электрондук тастыкоосунун көчүрмөсүн класс жетекчиге берүү керек. Окуу китептеринин ижара акысы жыл сайын КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан окуу китептери эскиргендине же окуу китептеринин мазмунун өзгөртүү керектигине байланыштуу кайра басып чыгаруу убактысы келгенде  окуу китептерин чыгарууга кеткен чыгымдарга жана китептердин кийинки жылдардагы баасына жараша бекитилип турат.

 

С:Окуучулар жарым жыл окуу китеби жок окушту, эмне себептен ижара акы төлөнүшү керек?

Ж: 2019-жылынын 17-январында КРнын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2018-2019- окуу жылынын башында жеткирилген 3 окуу китептерине гана ижара акысы алынаары тууралуу буйрук чыгарылган. 2018-жылдын декабрынан кийин жеткирилген калган окуу китептери үчүн 2019-2020-окуу жылында ижара алынбайт.