ЖАҢЫЛЫКТАР Tender / Vacancy

Конкурс

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына” арналган иш-чаралардын алкагында Билим берүү жана илим министрлигинин “Жаңы китеп” мекемеси Китепканачылар күнүнө карата китепканачыларга арналган ыр жазуу үчүн ачык сынак жарыялайт.
Сынактын максаты өлкөнүн мектеп китепканачыларына арналган коомдук маанилүү кызыкчылыктарды символдоштуруучу, мектеп китепканачыларына арналган ыр жазуу, андан ары ыр-обон жаратуу.
Сынактын эрежелери:
Сынакка Кыргыз Республикасынын баардык жарандары катыша алат!
Текст мамлекеттик тилде болушу керек, мазмуну төрт сап ырдан турган жана төрттөн ашык эмес куплеттен болушу зарыл, тема, укуктук, моралдык жана адеп-ахлактык ченемдерге ылайык келүүгө тийиш.
Сынакка катышуу үчүн өтүнмөлөр 2021 жылдын 8-сентябрынан 8-октябрына чейин саат 18:00гө чейин Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү 257, (203-бөлмө), ошондой эле электрондук почта аркылуу: janykitep2020@gmail.com кабыл алынат.
Ырдын тексти жеке же чыгармачылык топто түзүлүшү мүмкүн. Катышуучулардын курамы жана саны курагы, саны же курамды тандоо боюнча чектелбейт.
Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу белектер менен сыйланат!
Сурап билүү телефону: 0556 60 80 10,
же сайт аркылуу маалымат алсаңыз болот kitep.org.kg

Конкурстун жобосу / Положение конкурса